157. текстти көчүрүп жазып, сүйлөмдөрдүн аягына тиешелүү тыныш белгилерин койгула. эртее келген турналар
чабдарр ордунда калыптыр… султанмурат үйдөн жүгүрүп чы- гып, чабдарга ыргып минди да, балдарга кыйкырды: - анатай, айылга чап… кармалбай тез жет… элди чакыр… мен ууруларды кууп жетип, алаксыта кармап турам… тезирээк жете көр… эркинбек, сен ушуерде бол, эч жакка кетпе… уктуңбу… анатай, айылга чап… мен кеттим… жана дүбүрт кеткен тарапка чабдардын оозун коё берди… - алга, чабдарым, алга, жан бирге жаныбарым… кууп жет ууруларды… мен жыгылбайм, мен өлбөйм, менден коркпо, өзүңө кубат берсин… - чурка, жаныбарым… ылдамыраак, ылдамыраак, чабдар… ушунча алыстап кетиштиби… каерге жетишти экен… алгала, чабдарым, алгала… эки көзүң экөөбүзгө шам болсун, жаныбарым… 1) 1) эмне үчүн султанмурат чабдарга ыргып минди? 2) ал балдарга кандай буйрук берди? 3) султанмурат чабдарын кантип сүрөдү? ч. айтматов