Жайкы каникулду ар дайым тоодо өткөрөр элем. Алтын күздон тартып когүлтүр көктомдүн аягына чейин шаардагы мектеп-интернатта окуп, өзүм чоңойгон тоону сагынып да кал ар элем. Too эчен ирет түшүмө да кирер эле. Аны көрсөм дегендеэки көзүм торт боло, куса болор элем… Атам шаарга келгенде биздин кыштоону сурай бере турганмын…
Кыркын аяктаары менен эле короо-короо кой жайлоо-ну коздой айдала турган. Мына ошол кой айдагандардын арасында жаны эле каникулга келген мен да боло турганмын. Биз оторду кыркын сарайынан ары кеткен адыр ар-кылуу айдап отуруп, тоо этегине жетээр элек. Анан, коккашка суусу оргуштаган өзөнгө түшүчүбүз. Аптапта адыр кезип келген мал тиш какшаткан суудан кана ичкенден кийин, жайлоону коздой өзүлөрү эле озон өрдөп жоношчу.
Кок чалгыны тоо желине ыргалган беттер, озон бойло-рунда жалбырагы сеңселген түркүн бадалдар, ой-тоону тегиз каптаган кызыл-тазыл гүлдөр не деген керемет! Кул-пурган тоо келбетин караган сайын карагын келип, козун тойбойт! Көнүлүңдү чексиз шаттык уялайт! Ырдагын келет! Жайлоого жеткиче сени миң кубулжута сайраган башайы чымчыктар узатып отурат! Өзөндү улам ордоп, улам бийиктеп кете бересиң… Анан… бир маалда эле… суурлардын ышкырык-анкышы чыгат! «Жайлоо! Hyp жай-лоо! Гул жайлоо! Балгын жайлоо! Саламатсыңбы!..»— деп элдирей түшөсүң…
Ошентип, күтүрөгөн малдуу көчтү ар кай жердеги ийин-деринин оозунда шоңшоюп отурган суурлар кубаттуу ыш-кырыктар менен каршы алат. Жандарында чөндөлөйлөрү, борсолойлору. Ушундан улам, алар узун кочту балдарын ээрчите чыгып тозуп алган энелерге окшоп кетет!
Биз бул жайлоого биринчи келаткан жокпуз. Конушубуз оодо жактагы түзөңдө. Аякта да суурлар аз эмес. Баары тааныш. Береги биз келаткан өзөндүн оң тарабындагы кашкай капталдарды көгүш суурлар, сол тарабындагы айдыңдуу беттерде кызгылт суурлар турат. Алар, бири-бирине каттабайт, бири-биринин жеринен оттобойт… Бу-ларда ушундай бекем тартип… Кокус, бул тартипти бир жааты бузса, ортолорунда чатак чыгат…
Суурларды мурда демейдеги эле териси кымбат ма-кулук деп ойлой турганмын… Эгер, ошол окуя болбогон-до, балким, мен ушундай эле коз карашта кала бермекмин.