КЫРГЫЗ ТИЛИ Модулдук тест боюнча тапшырмалар
1. Фразеологизмдердин маанисин белгилеңиз: “Кабагым –кашым дебөө”.
а) капалануу, санаркоо, ызалануу
б) кубануу, жыргап куноо, сүйүнүү
в) ызалануу, капалануу, ыйлоо
г) эч нерсеге кайгырбай, убайым тартпай, кенебей жүрө берүү
2. Конференцияда окулуучу доклад кептин стилин белгилеиз.
а) оозеки
б) публицистика
в) иш кагаз
г) илимий
3. “Жарды” деген түшүнүктү билдирген фразеологиялык бирдикти белгилеңиз
а) Жаагын айруу
б) Ичкен ашын жерге койгон
в) Кабыргасы менен кеңешүү
г) Үрүп чыгаар ити жок
4. Акын жазуучулар колдоно турган стилди белгилеңиз
а) Илимий
б) Иштиктүү
в) көркөм
г) жөнөкөй
5. Сөз түркүмдөрүн, алардын жасалуу, өзгөрүү жолдорун окутуучу тил илиминин тармагын белгилеңиз
а) Морфология
б) Синтаксис
в) Пунктуация
г) Лексика
6. Сүйлөмдөгү публицистикалык стилдин түрүн белгилеңиз:
Көңүл буруңуздар,бир нече мүнөттөн кийин кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионаттан түз берүүнү баштайбыз.
а) Жаңылык
б) Публицистика
в) Доклад
г) Репортаж
7.Диалектилик сөздөрдү белгилеңиз
а) шерик, гөш
б) чоңойно, ширенке
в) сопу, солто
г) кошуна, корун
8. Расмий иш-кагаздарын белгилеңиз.
а) өмүр баян, буйрук
б) токтом, устав
в) ишеним кат, түшүнүк кат
г) программа, арыз
9. Фразеологизм колдонулган сүйлөмдү белгилеңиз.
а) Жумурткадан кыр издеген неме.
б) Жааган кардан жердин бети сүттөн ак.
в) Ай нурундай кышкы түн, айран төгүп койгондой.
г) Ак бетинин кызылы, ак тооктун канындай.
10. Төмөнкүлөрдүн кайсынысы фразеологизм эмес?
а) таш боор
б) колу ачык
в) каны кызуу
г) боз үй
11. Пиала,аш,асел,үкө,аба, чарпая деген сөздөр кайсы топко кирет?
а) синоним
б) историзм
в) диалектизм
г) архаизм
12. Кайсы сөздөр грамматикалык жактан сүйлөмгө мүчө боло албайт?
а) чакчылдар, атоочтуктар
б) тууранды сөздөр
в) жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр
г) каратма сөздөр, киринди сөздөр, сырдык сөздөр
13. Үнсүз “т” тыбышынын мүнөздөмөсүн тапкыла
а) жумшак, орточул, жарылма
б) каткалаң, тишчил, жарылма, түгөйлүү
в) үнсүз, уяң, уччул, кең
г) түгөйсүз, артчыл, кең, ачык
14. Таандык мүчөлөр кайсылар?
а) –мын, -сың,-биз, -сыңар, -сыздар
б) –ныкы, -ым,-ың,-ыңыз,-ы,-ыбыз,-ыңар
в) –нын,-га,-ыш,-лар
г) –сыз,-ыш,-т,-чыз
15. Этишке кандай грамматикалык категориялар мүнөздүү?
а) таандык, сан, жак
б) даража, жөндөмө, ыңгай
в) жак, таандык, көптүк
г) ыңгай, чак, жак