Ататүрк Мустафа Кемаль (12. 3. 1881, Салоники - 10. 11. 1938, Стамбул) - Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана анын тунгуч президенти (1923-38); көрүнүктүү мамлекеттик жана аскер ишмери. Ататүрк («түрктөрдүн атасы») деген фамилия ага Түркиянын Улуттук улуу жыйыны (парламент, ТУУЖ) тарабынан берилген (1934). Стамбулдагы Аскер академиясын бүтүргөн. Жаш түрктөр революциясына (1908), Италия-Түркия согушуна (1911-12), 2-Балкан согушуна (1912-13) катышкан. 1-дүйнөлүк согушта дивизиянын командиринен жана фронттун командирине чейин жетип, генерал чинине жана паша армиянын титулуна татыктуу болгон; Дарданеллди коргоодо (1915) көрүнүктүү роль ойногон. Кавказ (191617), Сирия-Палестина (1917-18) фронтторунда жогорку командачылык кызматын аткарган. 1919-жылдан Анатолияда улуттук-боштондук кыймылына (кемалчылар) жетекчилик кылат. Сакарье дарыясынын жанындагы жеңиши (1921) үчүн ТУУЖ ага маршал чинин жана «Гази» («Жеңүүчү») титулун ыйгарат. Ататүрктүн жетекчилиги астында түрк аскерлерп англиялык-грек баскынчыларды өлкөдөн кууп чыгат (1922). Ататүрк Түрк республикасынын президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Анын жетекчилиги м-н 1922-ж. султандык бийлик жоюлуп, Түркия республика болуп жарыяланат (29. 10. 1923). Жаңы сот кодекстерин киргизип, агартуу тармагында жаңычыл өзгөртүүлөргө жол ачкан, араб алфавитинин ордуна латын алфавитин кабыл алып, түрк тилин өнүктүргөн, эскпрген каада-салттарды четке кага, аял-эркекке бирдей укук берилген жана европалыктарча кийим кийүүнү киргизген, улуттук маданияттын сакталышына жана өнүгүшүнө шарт түзгөн. Улуттук суверенитет м-н идеологияны жогору коюп, өнөр жай м-н айыл чарбасын жаңыча өнүктүрүү, күчтүү армияны түзүү, башка мамлекеттер м-н тең укуктуу мамиледе болуу саясатын жүргүзгөн. Бишкек шаарындагы саяба бакка Ататүрк ысмы берилип, эстелиги тургузулган.