Суроолорго Мыкты
Менин үй-бүлөм
Менин аты-жөнүм Кадырбек уулу Бектур. Мен кыргызмын.
Кыргызстандын жаранымын. Мектепте 5-класста окуйм. Мен үй-
бүлөм менен Ош шаарында жашайм. Менин үй-бүлөм чоң: анда алты
киши бар. Атам, апам, агам, эжем, иним жана мен чогуу турабыз.
Атамдын аты Кадырбек. Ал
аскер кызматчысы. Атам
адис. Ал эми апамдын аты Гүлмира. Апам фирмада башчы болуп
иштейт. Биз төрт бир тууганбыз. Эң улуубуз агам. Агамдын аты
Азамат. Агам Кыргызстандагы Казакстан элчилигинде котормочу
болуп иштейт. Агам үй-бүлөлүү. Агамдын аялы мага жеңе болот.
Жеңем Технологиялык университетте 5-курста окуйт. Ал эми
эжемдин аты Чолпон. Ал
студент. Эжемдин болочок кесиби
тилчи. Менин кичинекей иним Азим жети жашта. Экөөбүз бир
мектепте окуйбуз. Эртең менен мектепке чогуу барабыз.
Биздин туугандарыбыз көп. Чоң апам башка неберелери менен
дем алыш күндөрү биздикине келишет. Бир күнү туугандарыбыз
мага болочок кесип жөнүндө кеңеш беришти...
Өу жаран - гражданин
аскер кызматчы военнослужащий
котормочу переводчик
Тилчи языковед
адис — специалист
1. Бектурдун үй-бүлөсүндө канча адам бар экен?
2. Эмне үчүн ал өзүн Кыргызстандын жаранымын деп тааныш-
тырды?
3. Жаран деген сөздүн маанисин кандайча түшүнөсүңөр?
4. Аскер кызматчысы кандай милдеттерди аткарат?
5. Эмне үчүн мыкты адис дешет?
6. Котормочу эмне кылат? Бул керектүү кесиппи?
7. Силердин мектепте тилчилер барбы?
8. Бектурдун туугандары ага кандай кеңеш берди?