Суроолор жана тапшырмалар 1. Жалпы элдик тил деген эмне жана ал кандай курамдык
бөлүктөрдөн турат?
2. «Адабий тил» жана «жергиликтүү диалектилер» деген
терминдик атоолорго кандайча түшүнөсүңөр?
3. Адабий тил кандай шарттардын негизинде пайда болот
жана кыргыз адабий тили качан пайда болгон?
4. Азыркы кыргыз адабий тилибиздин коомдук, маданий
жана саясий кызматтары кайсылар?
5. Эмне үчүн адабий тил бардык диалектилерде сүйлөөчү
адамдар үчүн бирдей түшүнүккө ээ?
6. Жергиликтүү диалектилер кыргыз адабий тилинин
сөздүк фондусунун өнүгүшүндөгү негизги булак дегенге
кандай түшүнөсүңөр?
7. Жогорку суроолордун ар бирине өзүңөрдүн түшүнүгүңөр
боюнча кыскача жооп жазып келгиле.