ПО КЫРГЫЗКОМУ А ЕСЛИ ВЕРНО ДАМ ЕЩЕ 50 35. Толуктоочту нужно найти.
Бардыгы жазда башталат» дегендей жаркыраган жаздын келиши менен бүтүндөй жаратылышка жан кирип, бүтүндөй жан-жаныбарлар, макулуктар төлдөп, болочоктогу мол түшүмдүн үрөндөрү себилет. Ошондо,кош айдоодо, болочоктогу мол түшүмдүн үрөнүн себишкенде минтип ыр- дашкан:
Мына септим уучтап,
Жылуу жерден конуш тап,
Бу – жетим-жесирге.
Мунусу — карып-мискинге,
Бу — ач-арыкка,
Мунусу – алсыз-карыпка,
Булар — курт-кумурскаларга,
Мунусу – сурамчыга,
Бул — тилемчиге,
Булар – саламчыга,
Калгандары
Сизге, бизге, мага,
Баба дыйкан жолдошум,
Бардык ишти оңдосун,
Жар болуп жылоолосун,
Сугаттан өксү болбосун,
Өнгөндө арам чөп койбосмун,
Береке бек байласын.