Напишите сочинение на тему "наши горы" Если можете то напишите на кыргызском буду очень благодарна вам :З

klokova049otccwt klokova049otccwt    3   14.12.2020 22:57    1

Ответы
оки8 оки8  13.01.2021 22:59

Тоолор жер шарында мындан миллиондогон жылдар мурун пайда болгон. Азыр да тоо пайда болуу процесстери улантылып, жер титирөөлөр, жанар тоо атылуулары болуп турат. Жер жүзүндө эң бийик тоолор бар, мисалы, Гималаи, Памир, Анд, Кавказ тоолору. Алардын ак кар, көк муз кетпеген бийик чокулары булуттардан да бийик көтөрүлүп турат. Too дарыялары бууракандап шар агат. Урал сыяктуу жапыз тоолордун капталдары жантайыңкы келип, айрым жерлеринде чокуларына чейин чытырман токой өсөт. Дарыялары өрөөндөр аркылуу жай агат. Жер шарындагы эң бийик тоо - Гималай. Анда дүйнөдөгү эң бийик чоку - Жомолунгма (Эверест) жайгашкан.

Анын бийиктиги деңиз деңгээлинен 8848 метр. Ар кайсы өлкөлөрдүн чыгаан альпинисттери бул бийик чокуга чыгууга нечен жолу аракеттенишкен, бирок ызгаар суук, кардуу бороон аларды кайра кайтууга аргасыз кылды. Бийик тоодо аба өтө суюк болгондуктан адам тез күйүгүп, ар бир кадам өтө кыйынчылык менен шилтенет. Ошондуктан чокуга чыгуучулар көбүнчө ичине кычкылтек толтурулган пайдаланышат. Чокуга чыгууда түпсүз терең жаракалар, жалама муз жана башка тоскоолдуктар көп кездешет.

ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы