Менин мекеним деген (илептүү,жай, суроолуу,буйрук) сөздөр менен аңгеме түз

Ajjr1 Ajjr1    2   27.03.2020 10:34    46

Ответы
andreysemenyuk andreysemenyuk  12.10.2020 06:43

Объяснение:

(это просто текст я задание не очень понял про илептуу и т.д)

Мекен" деген сөз кыргызда ата-бабанын конушу, балалыктын балдай таттуу учурларын башынан өткөргөн жерди билдирет.

Менин да өз Мекеним бар. Улуу Жибек жолунда жайгашкан Борбор Азиядагы тоого бай, күнөстүү Кыргызстан.

Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада-салты, эмгеги, сулуулугу, эрдиги, тарыхы болот эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы - бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси.

Биздин ата-бабаларыбыз урпактарына аскасы булут жамынган кооз тоолорду, дүйнөдө теңдеши жок табияттын бермети - Ысык-Көлдү, түшүм берекеси мол төгүлгөн кулпурган өрөөндөрдү, мөлтүр тоо булактары менен дарыяларды асырап жана нукура кооздукта мурас калтырышты.

Менин Мекеним - асман тиреген тоолордун, шаркырап аккан суулардын, бийик мөңгүлөрдүн, көз жоосун алган жайыттардын, токойлордун, тунук жана кооз көлдөрдүн жери. Мына ушундай жерде сыйчыл, токтоо жана эмгекти сүйгөн карапайым адамдар жашайт.

ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы