Теңир тоодогу төрк элдеринин даанышман акыны жана ойчулу Жусуп Баласагындын 1069-1070-ж. Баласагун шаарында жазган саясий-философиялык дастаны. Анын үч көчүрмө нускасы белгилүү. Бири 1439-ж. Герат шаарында (азыркы Түндүк Афганистанда) уйгур жазмасы менен даярдалган (Вена шаарында сакталууда). Экинчиси ХIV к. биринчи жарымында араб жазмасы менен даярдалган Каир нускасы, булардын эң байыркысы - Наманган (Фергана) нускасы ХП к. аягы ХШ к. башында араб жазмасы менен көчүрүлгөн. «Кутадгу билиг». азыр бир катар тилдерге (немец, түрк, орус, өзбек, уйгур, англис, кыргыз ж. б.) которулган. «Кутадгу билигдин» жалпы көлөмү 13444 ыр сабын түзөт, андан тышкары кара сөз түрүндө жазылган чакан кириш сөзү бар, дастанда өлкөнү кантип башкаруу, кантип туура саясат жүргүзүү керектиги айтылат. Ал өтө бай тарыхый-этнографиялык, лингвистикалык, социологиялык ж. б. энциклопедиялык маалыматтарды камтыйт.