КООН Жайлоого чыгарда жалгыз атым бар эле. Жоор болду. Былтыр- кы коон айдаган жер бекен? Биле албадым. Балчыкты" аттын жооруна сыйпадым. Атты жайлоого коё бердим. Эки жарым айдан кийин барсам, эки жагына эки коон бышып калыптыр. Көргөн сонунум ошол.