Капилеттен боз торгой асмандан ызгырылып түшөт да, шыбак башы- на конуп: Самат, кайда баратасың Сыягы, сен эне-нур дегендин эмне экенди- гин билейин дегенсиң го Ушул жайык талаадагы торгойлордун да энеси болот. Энем болбосо, мен жамактатып ырдайт белем Кызыктуу тилим сайрайт беле Карачы, тээтиги койчуну мени ырга кошуп жатат. Ал да менин энемдин мага берген өмүрү мага берген нуру Ал өмүр нур болбосо, , мен асмандап көкөлөйт белем Эми сен жакшы бала экенсиң жолуң бол- сун, - деп шыбак башынан шырп этип учуп кетет. (Ж. М.)