Эртеси күнү эртең менен эрте элди шаштырып жөнөйт. Өгөөнү болсо унутумуш
болуп калтырып кетет.
Кебезтоого аман-эсен жетишет. Эртеси
күнү абышка өгөөнү унутуп калганын айтып,
Тештүктү алып келүүгө жөнөтөт.
12:53
Ошентип акылдуу Кенжеке саканын,
Чайинги тондун, Чалкуйрук аттын, Наркескен
кылычтын касиеттерин айтып Төштүктү
жөнөтөт.
12:53
Жолдо келетжатканда Чалкуйрук аты
адамча сүйлөп, желмогуз кемпирди кантип
алдоонун жолун үйрөтөт.
12:53
Желмогуз кемпирди көргөндө Эр Төштүктүн
жүрөгү түшөт, кемпир жан алгычтай көрүнөт.
Ошентсе да жакындап барып, Чалкуйрук
айткан акыл менен кемпирди алдап, өгөөнү
жула качат.
12:53
Колуна өгөө тийгенде, атына камчы салып,
качып жөнөйт. Желмогуз кемпир артынан
кууп жөнөйт. Желмогуз кемпир сыйкырчы
экен, жердин үстүн, жер алдын жакшы билчү
экен. Эрикпей Төштүктү кууп алат, жетпесин
билип, амалы артып, колундагы таягын
Төштүктүн башынан алыс: - Бөлүнгөндүн
кара жер, бөлүнө берип өткүн! Жарылгандын
кара жер, жарылып жатып калгын!- деп
ыргытат. Ошондо жер жарылып астын үстү
болуп Төштүк жер алдына түшүп калат.
1963​

vol12 vol12    3   15.09.2020 10:19    0

Другие вопросы по теме Другие предметы