ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ (1928-2008)
Ч. Айтматов дүйнөгө белгилүү жазуучу. Анын
чыгармалары көптөгөн тилдерге которулган. Жа-
зуучунун чыгармалары Россия, Франция, Италия,
Япония, Америка жана башка өлкөлөрдө кеңири
белгилүү. Чыгармалары үчүн ал көптөгөн эл ара-
лык сыйлыктарга ээ болгон. Кыргыз балдар ада-
биятын өнүктүрүүгө да чоң эмгек сиңирди. Бир
катар чыгармаларынын негизги каармандары да
балдар. Алар «Айтматовдун балдары» деп ата-
лып жүрүшөт. Жазуучу согуш мезгилинде өспүрүм эле. Бир топ
повесттерин өз башынан өткөргөн окуялардын негизинде жазган.
Ч. Айтматов кыргыз фольклорун да мыкты билген. Аны чыгарма-
ларында кеңири пайдаланган. Анын роман, повесттериндеги ай-
рым жомоктор, легендалар, мифтер балдар үчүн өзүнчө китепчелер
түрүндө чыгарылган.
надо сжать текст