Байламталар лексикалык жактан маани береби

anka110 anka110    2   17.05.2021 09:48    2

Ответы
13032005mahri 13032005mahri  16.06.2021 17:32

бүтүндөй бир сөз топторуна же сөз категорияларына таандык болгон грамматикалык мааниден айырмаланып, жеке бир лексикалык бирдикке гана таандык маани. Толук маанилүү сөздөрдүн көбүнүн лексикалык мазмуну бирдей даражада болбойт. Ошого жараша алар өзүнчө маанилик структура, өз ара иерархиялык багыныңкы байланыш, башкача айтканда сөздүн лексика-семантикалык варианттарын түзүп турат. Лексикалык семантиканы уюштуруунун бул касиети полисемия же сөздү вариациялоо деп аталат. Сөздүн предметке же түшүнүккө тиешелүүлүгүнө жараша лексикалык маани тике жана өтмө маани, контекстке көз карандылыгына жараша фразеологиялык түрмөккө байланышкан, конструкциялык жактан шартталган жана эркин маани деп бөлүнөт. Лексикалык маани – сөздүн объективдүү бир класска кирген нерселердин башкалардан айырмалап көрсөткөн мааниси. Сөздөрдүн лексикалык маанисинин ар башкалыгына ылайык, бир сөз экинчи бир сөздүн айырмалангандыктан, лексикалык маани ар бир сөздүн өзүнө тиешелүү мааниси катары каралат. Мисалы, балапан – куштун же башка канаттуунун баласы жана башка.

ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы