Балбай баатыр Балбай баатырдын энеси жолборстун жүрөгүнө талгак бо-
лот. Бирок, ошол учурда эл жолборстун жүрөгүн таба албай
коюшуп, камандын өтүн, жылкынын жүрөгүн алып келип
беришет. Энеси ошолорду жеп, талгагы канат экен.
Кийин Балбай баатыр атанып, далай эрдик көрсөтөт.
Ошондо эл анын тоң моюндугун байкашат. Кандай шашы-
лыш иш болсо да артына кылчайып, мойнун буруп карай
албастан, бүтүндөй тулкусу менен бурулчу экен. Ошондон улам
каман моюн деп аталып кетет. Кежигесинде түксүйгөн жалы
ага баатырдык көрк берип турган дешет.
Балбай баатыр жаш кезинен эле жылкынын таза
жеп, кымызын ичип, уу коргошундун түбүн жеп көнгөн экен.
Аны кармап алып, Алматыга (ал кезде Верный деп аталган)
түрмөгө салып, уу беришет. Сегиз жолу берилген ууну былк
этпей көтөрүп, тогузунчусунан араң кайтыш болгон экен.​

vladimer96 vladimer96    3   26.10.2020 13:08    22

Другие вопросы по теме Другие предметы