7. Алган билимди бекемдөө көнүгүүсү. 1) Тексттен бир өңчөй мүчөлөрдү тапкыла. 2) Бир өңчөй мүчөлөрдү байланыштыруучу каражаттарды жана аларга
коюлуучу тыныш белгилерди ажыраткыла.
Ата Мекенди сүйүү
Кымбаттуу жаш достор! Өз эли-жериңер, Ата Журтуңар менен Мекен
таануу сабактарында да тааныштыңар. Ата-бабаңар мекендеген өрөөндүн
ой-кырын, асман тиреген тоолорун, сууларын билесиңер. Кыргыз жерибиз-
дин кооздугуна, кереметтүүлүгүнө кантип суктанбайбыз! Ар дайым көрүп
жүргөн асман, Күн, Ай, жылдыздар, Жер аалам деген чексиз мейкиндик-
тен орун алган. Туулуп-өскөн жерибиздин абасы таза, агын суулары – ту-
нук, асманы көпкөк. Кайда барсаң да, ак мөңгүлүү тоолорду көрөсүңөр,
шибери белден буралган жайлоолордо, кооз кокту-колоттордо болосуңар.
Шаркырап аккан көк-кашка сууларга, карагай-черлүү токойлорго жолу-
гууга болот. Биздин Мекенибиз мына ушундай кереметтүү жер!
10