52. Жөнөкөй жана тутумдаш толуктоочторду өз ара кантип ажыратабыз? КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАҢГАК ТОКОЮ
Түштүк Кыргызстандын жангак токойлору укмуштай кооз. Алар Тянь-
Шандын Фергана жана Чаткал тоолорунун беттеринде 600 миң гектардан
ашык аянттарга созулуп жатат. Ак кардуу бийик чокуларды жээктеген
тоо кыркалары, долоно, мисте, алмурут, алча, карагат жана жангак
өскөн калын токойлору бар. Окумуштуулардын эсептөөлөрү боюнча бул аймакта дарактардын жана бадалдардын 130дан ашуун түрү бар. Мында жылына беш миң тоннага чейин жаңгак, он миң тоннадан ашуун алма жана кара өрүк, миң тоннага жакын мисте жыйнап алууга болот. Ал эми айбанаттарын айтпаныз. Канаттуу менен кийик, аюу менен илбире, каман менен кашкулак, кирпи менен түлкү, коён менен суур жашайт.

WTFHELP WTFHELP    1   19.10.2021 14:12    51

Другие вопросы по теме Другие предметы