410. Алган билимди бекемдөө жана чыңдоо мүнөзүндөгү көнүгүү. 1) Сүй- лөмдөрдү окуп чыгып, ат атоочтордун кандай жазыларын айтып бергиле. 2) Кай.
сы ат атоочторду жазууда дефис белгиси коюлат? 3) Эрежелерин түшүндүргүлө Жана талдагыла?
1. Айнагүл кайдан келсин? Арзыматтар эмне болду? 2. Биздин балдар
эчтекеге тең келбей турган жумушту аткарышты. 3. Бирдеме берейин деп,
силерди чакырдым. 4. Ардеме түшүп оюма, алаксып жүргөн кезегим.
5. Ар ким бактылуу болууну каалайт. 6. Кээ бир татаал иштерди аткаруу
ар биринин эле колунан келе бербейт. 7. Ар кандай ушак сөзгө ишенбеги
ле. 8. Биз ошондо кимдин-ким экенин даана билебиз.
9. Жакшы азамат түрдөнүп,
Өзүн-өзү асырайт,
Уурулукка малынбай. (Т. С.)