4-сабак. Тексттин түрлөрү Мекен Ар бир адамдын өз мекени бар. Мекен деген сөз кыргызда ата-бабанын жери, туулуп-өскен жер дегенди билдирет. Ал гүлбақ- ча эмес. Мен өзүмдүн өмүр башатыма көз жүгүртөм. Ата Журт деп аталган, сагындырган жеримди элестетем. Анткени ушул жерде ата- ларым, бабаларым жашаган. Туулуп, турмуш таанып, тагдырымды тапкам. Туулуп-өскөн жердин тирилик тартиби, салт-санаасы асыл. Ыр, жомогу, жаратылышы, абасы, бүт турпаты ыйык.