221. Төмөнкү сөздөрдү ээ, баяндооч катары пайдаланып сүйлем түзгүлө. 1. Мергенчи, окуу китеби, а темир жол, бака жалбырак, мугалим, тоолор; 2. Жазып жатат, чуркап чыкты, аткарат, кайтышты, чакырган. 222. Туура вариантын У белгиси менен белгилегиле: 1. Сүйлөмдүн баяндоочу эмнени билдирет? а) кыймыл-аракеттин ордун б) ээнин кыймыл-аракетин в) кыймыл-аракеттин мезгилин 2. Баяндооч түзүлүшүнө карай кандай болуп бөлүнөт? а) жөнөкөй, тутумдаш б) бир өңчөй в) татаал 3. Жөнөкөй баяндоочту У белгиси менен белгилегиле: а) айтып берип жатат б) түшүндүрдү в) көтөрүлүп калган 4. Тутумдаш баяндоочту У белгиси менен белгилегиле: а) кыйналды б) аткарат в) жыгылып кете жаздадым 5. Баяндооч кандай суроолорго жооп берет? а) ким? эмне? б) эмне кылып жатат? эмне кылды? в) кайсы жерде? кайсы жакта? 6. Сүйлөмдүн маанисине карата баяндоочун туура толуктагыла: Комуздун добушу кулакка жагымдуу ... . а) жаңырып, таңшыйт