22. Төмөнкү аңгемеден кыйыр толуктоочторду издеп коргүлөчү. ГРЕК ЖАҢГАГЫ
Грек жаңгагы пайдалуу жыгачтардан, анын эл чарбачылыгында
пайдаланбай калган учуру болбойт. Жалбырагында, жыгачында, кабы-
гында, мөмөсүндө, сырткы кабыгында жыттуу заттар, «С» витамини, ар
түрдүү боёк жана баалуу дарылар болот. Грек жангагынын жемиши ар
түрдүү тамак-ашка колдонулат. Анын 74 проценти майдан турат. Бир
түп жаңгакта 50 килограммга чейинки жогорку сапаттагы май болушу
мүмкүн. Грек жаңгагынын жыгачы маданий үйлөрдүн ички бөлмөсүн
жасалгалоодо, вагондордун жана самолёттордун ички салонун жасоодо,
музыкалык аспаптарды, радиоприёмник менен телевизорлорду чыгарууда
кеңири колдонулат.