187. Текстти окугула да, сүйлөмдөрдүн ээсин тапкыла. МЕНИН СҮЙГӨН КИТЕБИМ Мен көркөм адабий китептерди окуганды абдан жакшы көрөм. Айрыкча Ч. Айтматовдун чыгармаларын кызыгып окуймун. Жа- зуучу роман, повесттеринде керемет легендаларды, уламыштарды, жомокторду жана мифтерди жараткан. Алардын философиялык мазмуну мени кызыктырат. «Ак кеме» повестиндеги «мүйүздүү Бугу Эне» жөнүндөгү жомогунда Баланын ыйык ишеними мени ойлонтот. Кыргызды кыргындан сактап калган Сыйкырдуу Бугу Энеге кол салуу өз энесине кол салуу менен барабар. Ыйык Бугу Энени сактап кала албаган Бала өзүнүн «Ак кемесин. издеп, ба- лык болуп сүзүп кетет. Мен Баланын ички таза дүйнөсүндөгү өз идеалына карай багыт алгандыгын билдим. жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуш күндөрүн «Эрте жаздагы турналар» повестинде чагылдырган. Анда «Аксай де- санттары: Султанмурат, Анатай, Эргеш жана башкалардын оор күндөрдөгү эмгектери баяндалган. Алардын балалык таттуу кыялдарына, Султанмурат менен Мырзагүлдүн аруу сезимдерине мен таасирлендим. «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» повести Охот деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушунан алынып жазылган. Мен Ч. Айтматовдун чыгармаларын окууну уланта беремин. Менин китеп текчемде анын «Жамийла», «Кылым карытар бир күн», «Кыямат», «Гүлсарат», «Делбирим», «Тоолор кулаганда» аттуу китептери бар. Бул чыгармалар менин жан дүйнөмдү ба- йытаарына көзүм жетет. Андагы окуялар бакыт жана кайгы, өмүр жана өлүм, жакшылык жана жамандык тууралуу ой жүгүртүүгө үйрөтөөрүн билемин.