163. А дегенде окугула. Андан кийин сүйлөмдөрдүн мазмунуна ыла- йык кашаанын ичиндеги сөздөргө тиешелүү мүчөлөрдү улап (шарттуу белгилердин ордуна коюп), сүйлөмдөрдү көчүрүп жазгыла да, кайрадан окугула. Сүйлөмдөрдүн мазмунунан кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңдар? Кайсы мүчөлөрдү уладыңар? Ал сөздөр кандай суроолорго жооп берди жана кандай кызмат аткарды? Баш мүчөлөрдүн кайсы тобуна (ээнинби же баяндоочтунбу) таандык болуп айтылды? Булар сүйлөмдүн кайсы мүчөсү жана аларга кандайча аныктама берер элеңер? 1. колуна ороп жиберип, салмоорлоп кармады (жүгөн, ооздук). 2. тагдыр жаралат (мүнөз). 3. Ал ээрчитип барып, даярдап коймок (Сейдакмат). 4. Аны ойлобогон Орозкул_ этектеги жаш карагайларды берип кутулмай болду (тууганы). 5. Кудум адамдын сугу түшсүн деп чачып койгондой. Эс алганы келгендер да көп ай- тышат (ушул). Чындыгында, мындай ырлар арбын (Тагаев).