158. Көчүргүлө. Сүйлөм мүчөлөрү боюнча талдоо жүргүзгүлө. Сүйлөмдүн тутумунда зат атооч барбы? Затка тиешелүү бел- гини сүйлөмдүн кайсы мүчөсү билдирет? 1) Адептүү ата-энесин мактатат. Адепсиз бала ата- энесин какшатат. (Мак.) 2) Каны ичине тарткан жай- нак баштагыдай эле токтоо. (С. Ө.) 3) Бурулча колу- нан көөр төгүлгөн уз аял эле. (К. К.) 4) Жамила болсо шайыр, сөзмөр, жароокер кыз. (К. Б.) 5) Ак куунун тыбытынан топу кийген кыздын элеси Эшендин кез алдында дайыма калды. Биз ичмекейин ичине каткан адамдардан эмеспиз. (Т. С.) - Талдоонун үлгүсү: Адептүү бала ата-эне син мактатат. Эмне болот? мак ата - баяндооч; ким? - бала - ээ; кимди мактатат? ата-энесин толуктооч; кандай бала? адептүү аныктооч; бала деген зат атоочтун сын-сыпатын бил- дирди.

dhhdhhd55 dhhdhhd55    3   02.02.2022 05:14    0

Другие вопросы по теме Другие предметы