152. Тыныш белгилерине карай берилген төмөнкү текстти көркөм окугула. Илептүү сүйлөмдөрдү аныктагыла. БААРЫНАН ЭМНЕ СУЛУУ? Ойлончу, дүйнөдө баарынан эмне сулуу? Менимче, баарынан кең дүйнөгө нурун тегиз чачкан күн сулуу! Анан да, күн нуруна нурданган гүл сулуу! Жүзү гүлгө окшоп жадыраган бактылуу бөбөк сулуу! Анан да, жаш бөбөктү эмизип отурган бактылуу эне сулуу!