119. Диалогду окуп, анын негизинде ким кандай музыкага кызы- гаарын талкуулап маектешкиле. Келер чактагы этиштерди эрежеге ылайык аныктагыла. Кубан: Аман, сен музыкага кызыгасыңбы? Аман: – Ооба, мен айрыкча кыргыз эл аспаптар оркестринин музыкасын угамын. Сага кандай музыка жагат? Кубан: Ооз комуз күүлөрүн угууну жактырамын. Аман: Анын кубулжуган добушу жагымдуу жана уккулуктуу. Сен ооз комуз кага аласыңбы? Кубан: – Албетте, ооз комузда «Тагылдыр тоо», «Керме-Тоо» аттуу күүлөрүн ойноймун. А ман: Абдан жакшы, мен эртең Кыргыз мамлекеттик К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин концертине барганы жатамын. Мени менен бирге бара аласыңбы? Кубан: — Ата-энем уруксат берсе, сени менен бирге барамын. Эл аспаптар оркестринин музыкалык чыгармаларынан угуп, көңүл ачабыз. Сенин макул болгонуңа мен ыраазымын! Сен сүйгөн ооз комуз күүлөрүнөн да угабыз.