1. Тексттен зат атоочторду таап, төмөнкү таблица менен иштегиле. Адам аттары Географиялык аталыштар Орхон-Енисей Мезгил Буюмдук аталыштары | аталыштары Барсбек кылым таш 2. Сүйлөмдөрдү тексттин мазмунуна карата толуктап жазгыла. Зат, сын, сан атоочтордун алдын сызып, кайсы жөндөмөдө турганын, маанисине карай бөлүнүшүн аныктагыла. Адам жана географиялык аттардын жазылыш эрежелерине көңүл бургула. 1) Рун биринчи жолу III кылымда Данияда пайда болгон,... 2) 1889-жылы орус окумуштуусу Н. Ядринцев Орхон өзөнүнөн жазуусу бар ... 3) Ошондон соң, рун жазуусу деген сөз менен кошо алар ... 4) Ошентип, мындай жазуу эстеликтери . 5) Орхон-Енисей жазма эстеликтери кыргыздардын да ... . Төмөндөгү тексттин планына таянып, баяндама жазгыла. 1) Рун жазуусунун тарыхы. 2) Окумуштуулар тарабынан Орхон-Енисей жазмаларынын изилдениши. 3) Орхон-Енисей эстеликтериндеги байыркы жазууларынын кыргыздарга тиешелүү экендигинин далилдери. 4) Орхон-Енисей жазууларынын кыргыздын адабий көркөм мурасы катары бааланышы.