Суйлом деген эмне, айтылыш максатына карай бөлүнүшү, мүчөлөрү, ээси, баяндооч жана башкаларын токпой чачпай жазууга аракет кылдык.
Жай сүйлөм сүйлөөчүнүн айлана-чөйрөдө, чындык турмушта болуп жаткан окуяларга, түшүнүккө, кубулушка жана башка ар кандай нерселерге карата болгон оюн жайынча гана баяндайт. Ошондуктан ал жай сүйлөм деп аталат. Мисалы: Жеңишбек менен Микола-Аскер Акиянын колунда. Токтогулдун санаасы каптагы кумдай чууруду.
Суроолуу сүйлөм
Маалымат, кабар алуу максатында айтылган сүйлөмдөр суроолуу сүйлөмдөр деп аталат. Мындай сүйлөмдөр угуучуга тике багыттала кайрыла айтылып, суроолуу жана жооп күтүү мүнөздө болот. Мисалы:
- Канча араба замбиректин огу бар?
-Алты.
-Командир кайда?
-Сол флангада.
Илептүү сүйлөм
Илептүү сүйлөм жашоо-тиричиликте болуп жаткан же болуп өткөн жана ошондой эле боло турган иштер менен окуялар, кубулуштар менен көрүнүштөр, түшүнүктөр менен нерселер жөнүндө адамдын чын көңүлүнөн жана ички-эрк сезиминен, ички эмоциясынан чыккан кабарды билдирүү максатында айтылган сүйлөмдөр илептүү сүйлөм деп аталат. Мисалы: Ой, бали, чертет экен да!
Буйрук сүйлөм
Сүйлөп жаткан адамдын, айтуучунун эркин, тилегин, өтүнүчүн, буйругун билдирген сүйлөм буйрук сүйлөм деп аталат. Мисалы: Окугула! Азыр жооп бересиңер! Токтогула! Кайда бара жатасыңар? Укпайсыңарбы! Өз билгениңди кыл!
Буйрук сүйлөм жайынча гана айтылса, аягына чекит, буйрук иретинде айтылса, илеп белгиси коюлат. Мисалы: Укпайт деп, шыбаба, көрбөйт деп, пара алба.