Тексттен өлчөм бышыктоочту баяндооч менен кошо таап жазгыла.(выписать обстоят.меры вместе со сказуемым) АЯЛ НАЗИК ДЕСЕК
Статистика кызматындагылар үй жумушундагы аялдын бир жылдын ичинде канча жумуш аткара тургандыгын бир нече жолу эсептеп көрүшкөн. Эки баласы, күйөөсү бар аял бир жылдын ичинде 18 миң бычак жана айры-кашык, 13 миң табак, 6 миң чыны, 3 миң мискей жана табак жууйт экен. Ал бул идиштерди жууп гана тим болбостон, шкафтарга иреттештирип салып, кайра андан дасторконго коюп, кайра жыйнайт. Ошентип аял бир жылда 6 тоннага барабар жүктү ары-бери ташыйт. Ал эми аял бир күндүн ичинде канча жолу баса тургандыгын эсептегенде, эгер ал эки бөлмөлүү үйдө турса, бир күндө 10 миң жолу, короо-жайлуу үйдө турса 17 миң жолу арыштайт экен. Эгер буга аялдардын базарга, дүкөнгө барганын кошсо, ал бир жылдын ичинде 2 миң километр жерди басат.

lollo2003 lollo2003    1   02.03.2021 15:04    0

Другие вопросы по теме Другие предметы