Төмөнкү текстти уккула, бири-бириңерге суроолорду берип, жооп бер- гиле.
Жапондордун икебана өнөрү Бишкекте көргөзүлүүдө
Бүгүн Г. Айтиев атындагы сүрөт музейинде кыргыз-жапон мада ния-
тынын жана көркөм өнөрүнүн 3-фестивалы өтүүдө. «Икебана – гүл-
дөр дүн аранжировка өнөрү» деген аталыштагы бул фестиваль аркылуу
көрүүчүлөр жапон элинин байыркы салттуу маданияты менен тааныша
алышат. Кечээ 23-августта башталган бул фестивалды Кыргызстандагы
Жапония элчилигинин колдоосунда «Икебана-Интернэшнл» бейөкмөт
уюму менен Г. Айтиев атындагы сүрөт музейи уюштурган.
1) Бишкекте кандай фестиваль өтүүдө?
2) Фестиваль кайсы музейде өтөт?
3) Фестивалдын аталышы кандай экен?
4) Көрүүчүлөр фестивалда эмне менен тааныша алышат?
5) Фестивалды кимдер уюштурган?
6) Бул фестиваль эмне үчүн уюшту рулду? Кандай ойлойсуңар?
7) Эмне үчүн икебана жапондордун салттуу маданиятына кирет?