Саманчынын жолу" адабий жанрлардын рамкасына сыйбай калганда… Чыңгыз Айтматов бул чыгармасы аркылуу кыргыз адабиятынын практикасында кездешпеген жаңы нерсени ойлоп тапты: повесть башынан аягына чейин шарттуу-символикалык ыкма менен өнүгүп барат, башкача айтканда, өмүрү үн катпаган Жер ошол Жердин үстүндөгү бир пенде — Толгонай менен сүйлөшүп отурат. Жер суроо узатат, Толгонай жообун берет. 1963-жылы эле жаш сынчы Салижан Жигитов
бул чыгарма тууралуу мындай деп жазган экен: "Автор аны жупунулук кылып "повесть" деп атаптыр. Албетте, кандай десе өз эрки. Ошентсе да ал белгилүү бир адабий жанрдын рамкасына сыйбайт. Ал адабияттагы жана көркөм өнөрдөгү көп жанрлардын синтезинен бүткөн. Аны роман десе да болот. Кинопоэма десе да жараша берет, жөн эле поэма деп койсо андан бетер эп келишип калат. Кеп атында эмес, затында. Бир сөз менен айтканда, ал – ыр, "песнь" деген орус сөзүнүн маанисиндеги ыр".
Чыгарма кыргыз тилинде жазылган жана адабий сын дароо эле өтө жогору баалаган. Адегенде кыргыз тилинде "Ала-Тоо" журналынын 1963-жылдын январь айындагы санына басылган. Жарык көрөрү менен эле "Советтик Кыргызстан" гезитинин ошол жылдын 10-марттагы санына Мухтар Борбугуловдун "Учу-кыйырсыз жол", "Ала-Тоо" журналынын июнь айындагы чыгарылышына Салижан Жигитовдун "Саманчынын жолу" – адамзаттын жолу", "Советтик Кыргызстан" газетасынын 1964-жылдын 22-майындагы санына Кеңешбек Асаналиевдин "Саманчынын жолу" – өмүр жолу" деген макалалары чыгып, жаш сынчылар курбалдаш калемгеринин жаңы чыгармасын "аксакалдарга" "көк бөрү" кылдыра койбой көкөлөтүп жиберишти. Орусча варианты "Новый мир" журналында. Кыргызчага удаа эле орус тилиндеги котормосу "Материнское поле" деген ат менен "Новый мир" журналынын 1963-жылдагы №5 санына жарыяланган.
Ата менен энеге арналган чыгарма. "Саманчынын жолу" эпиграф менен башталат. Анын текстти мындай: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерде көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын.
Апа, сен бизди өстүрүп, адам кылдың. Сенин узак өмүр сүрүүңдү тилеп, апам Нагийма Айтматова сага арнаймын".
Чыгарманын аты жылдыздан алынган. Каармандарды жамандык-жакшылыкта ар дайым коштоп турган табияттын бир көрүнүшү бул чыгармада – Саманчынын жолу жылдызы. Повесттин башкы каармандары дал ошол Саманчынын жолу жылдызы ааламдын бир четинен экинчи четине керилип жатканда жакшы тилек тилешет, алардын тилеги — "эл катары жер жыртып, эгин сээп, кырман бастыруу", "дыйкандын энчиси — сепкен эгининде". Жылдыздарга жакын жашаган кыргыздар ошол жылдыздарды сырдаш, муңдаш кылган, келечек тагдырын жылдыздар менен байланыштырган. Байыртадан түрк элдеринин жана кыргыздардын түшүнүгүндө асмандагы жылдыздар менен жердеги адамдардын түпкү насили бир болгон, жылдыздар – адамдар, алар жылдызга айланып кеткен пенде тукуму деген идея жашаган. Саманчынын жолунун асмандагы абалы — бул бүтүндөй адамдардын тагдыры, жаратылыштын абалы гана эмес, ал коомдун, мамлекеттин, жада калса, жалпы адамзаттын тагдыры менен байланышат, согуштун жүрүшү да тоолук кыргыз балдары үчүн жылдыздардын көрүнүшү менен айкалышат. Ошон үчүн чыгарма "Саманчынын жолу" деп аталган.
Объяснение: