Силер кандай куштарды билесиңер? Аларга мүнөздөмө бергиле ​

reded5610 reded5610    2   20.11.2020 13:57    7

Ответы
Kosty12541 Kosty12541  20.12.2020 13:57

Бүркүт (лат. Aquila chrysaetos) – карчыга сымалдуулар тукумуна кирген эң ири кыраан куш. Узундугу 90 смге, канатын жайганда узундугу 2 мге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деңиз деңгээлинен 2–3 миң м бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар жана башка алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен аны таптап, аң уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр бүркүткө түлкү, карышкыр жана башка алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.

ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы