Напишите сочинение на тему менин шаарым Бишкек​

Dinara260803 Dinara260803    3   08.09.2020 15:51    5

Ответы
kripto123 kripto123  15.10.2020 18:56
Тарых
Бишкек шаары 7-кылымдан тартып эле Джуль шаарчасы (Усталар сепили) деп таанымал болгон. 1825-жылы кокон хандыгы тарабынан Пишпек чеби негизделген, ал жерде Чүй өрөөнүнүн ири горнизону батып кетчү. Эки жолу (1860-жылдын 4-сентябры жана 1862-жылдын 24-октябры) орус аскерлери тарабынан алынган. 1862-жылдын ноябрь айында чеп кыйраган жана анын ордуна эки жылдан кийин казак пикети орнотулган. Андан соң ал жерде базар чогула баштаган. 1868-жылы Пишпек кыштагы негизделген. 1878-жылдын 29-апрелинде Пишпекке уезд борборун көчүрүү менен шаар статусун алган.

[ushka=seredina]
1924-жылдын октябрь айынан тарта Кара-Кыргыз автономдук облусунун административдик борбору болот. 1925-жылдын май айында Кыргыз автономдук облусунун административдик борбору. 1926-жылы совет аскер башчысы Михаил Фрунзенин атынан Фрунзе болуп алмашат. 1936-жылы Фрунзе - Кыргыз ССРинин борбору. Ал эми 1991-жылы Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы кабыл алынгандан кийин, шаар Бишкек болуп өзгөргөн. Кээ бир айтымдарга караганда учурдагы шаардын аты шаар ордунда базарды ачкан Бишкек баатырдын атынан коюлган дешет, экичи версиясы болсо бул - мурдагы Пишпек шаарына окшоштуруп коюлган дешет, үчүнчү версиясы бул кымызды аралаштыруучу Бишкек аспабы
ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы