Э, боз ирик багындыңбы? Азиз атасы менен кой кайтарышып жүргөндө, бир күнү ал бу
тун боз ирикке тепсетип алат. Жараагы айыккcан соң атасы ага боз
ирикти ат кылып үйрөтүп берди
Ошондон тартып, Азиз менчик аттуу болду. Ал торсоюп, эртен
менен койлорду короодон жайытка айдаганда боз ириктин үстүнө
минип, жонун бек мыкчып, бутун алдыңкы колтугуна кыпчып алат.
Кечкисин жайыттан короого чейин минип барат. Боз ирик адагенде