Чабдар ордунда калыптыр... Султанмурат үйдөн жүгүрүп чыгып, Чабдарга ыргып минди да, балдарга кыйкырды: — Анатай, айылга чап... Кармалбай тез жет... Элди чакыр... Мен ууруларды кууп жетип, алаксыта кармап турам... Тезирээк жете көр... Эркинбек, сен ушуерде бол, эч жакка кетпе... Уктуңбу... Анатай, айылга чап Мен кеттим... жана дүбүрт кеткен тарапка Чабдардын оозун коё берди... Алга, Чабдарым, алга, жан бирге жаныбарым... Кууп жет Ууруларды... Мен жыгылбайм, мен өлбөйм, менден коркпо, өзүңө кубат берсин... — Чурка, жаныбарым... Ылдамыраак, ылдамыраак, Чабдар... Ушунча алыстап кетиштиби... Каерге жетишти экен... Алгала, Чабдарым, алгала... Эки көзүң экөөбүзгө шам болсун, жаныбарым... ч Айтматов