Аңгыча жан жактан бир үн чыкты : - Ашыкпа акылман эне , күнөөсүз балдарды жайлаба !? Май рык - Чаар - Жезкемпир кылчая карап , айран - таң калды . Жанында Бугу - Эне турат эки көзү балбылдап . Балбылдаган көздөрү муңа йым , өтүнүчтүү тиктейт . Маралдын умай энеси , асыл бугу маң каят , омуроо - төшү наристенин маңдайындай * , жону ууз ак , боору тайлак жүндөнүп көк буурул . Он сегиз айры мүйүзү аркайып , жонуп койгондой жымсал сулуу , көркөм . Желини таза , кан тамыр лары көрүнүп ийип турат эки балага мээримин салыn " . — Сен кимсиң ? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың ? - деди Майрык - Чаар - Жезкемпир . Мен Бугу - Эне болом . Адамча сүйлөбөсөм сен кандай түшүн мөксүң да , кандай соболя укмаксың . — Каалаганың эмне , Бугу - Эне ?Балдарды кое бер , акылман эне . Сенден сураганым ушул эки уртөну мага бер . Буларды эмне кыласың ? Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү . Балдарымдын ордуна бала издеп журом . Ушу балдарды эмизип багып алам дейсиңби ? - Ошентем , акылман чоң эне . - Жакшылап ойлондуңбу ?, Бугу - Эне ? – деп күлдү Майрык - Чаар Жезкемпир . - Булар деген а Чоңоюп алып , өзүндүн бугучаларыңа ок атат , ошону ойлондуңбу ? - Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт " , - деди ма ралдын ум - Мен буларга эне болом , булар мага бала болуп калат . Анан кантип өз ага - карындаштарына жамандык санасын ? - О , кен пейил Бугу - Эне , адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы ! – деп башын чайкады Майрык - Чаар Жезкемпир . — Адамдар кайберен эмес , бирин - бири аябайт Сөзүмдүн актыгын өз көзүн менен көрөрсүң , өз мойнун менен тартарсың , бул эки жетимди сага берип деле кoер элем , бирок , башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат . Анда булардын да азабын тартып сага эмне күч келди ? – Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды . Аясаң , акылман чоң эне , кое берсең . Өз балдарымдан кем көрбөй асыра йын ° , жетимдерге эне болоюн Желиним сүткө толуп турат . Бала деп сыздап , бала деп ийип турат ак сүтүм Кантейин , болуптур , - деди ойлонуп туруп Майрык - Чаар Жезкемпир . - Сурап калдың , бирок тез кет бул жерден . Жетимдер ди аман жеткир алыс жериңе . Жок , эгер аякка жетпей жолдо өлсө , же каракчылар жайласа " же өздөрү чоңоюп алып , ак сүтүн унутуп , адамдын арамдыгына кетсе , өзүңөн көр ” .Бугу - Эне Майрык - Чаар - Жезкемпирди узатты да , анан уул бала менен кыз балага айтты : Балдарым , мен эми силердин энеңермин . Мен силерди кардуу алкак Ала - Тоосу бар , күмүштөй Теңир - Тоосу бар , боордо токой чери бар , ортосунда Ысык - Көлү бар жерге алпарам . Кыргыз тукуму ку рут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум улан сын , укум - тукумуна мекен болсун деп ал жерди теңирден сурап алдым . Балдар так секирип кубанды , тепендешип мүйүздүү Бугу - Эне нин сонунан чуркап алды . Жол алыс , учу - кыйры жок жердин бир четинен бир четине . Узак жолдо балдар арып - ачты , алдан тайды . Бугу - Эне балдарын ак сүтү менен багып жүрүп отурду . 1. Бугу - Эне менен Майрык - Чаар - Жезкемпир эмне деп сүйлөшүштү ? 2. Бугу - Эне балдарды аман алып калып , кайда жеткирди ? 3. Ала - Тоонун , Ысык - Көлдүн көрүнүшү кандай эле ? 4. Бугу - Эне балдарга эмнелерди түшүндүрдү ( объяснила