98. Тапшырмаларды коллективдүү аткаруу көнүгүүсү. 1) Окуп чы- гып, тактоочторду тууралап көчүрүп жазгыла. 2) Мааниси боюнча так- тоочтун кайсы түрү экендигин аныктагыла. 3) Синтаксистик кызма- тын айтып бергиле. 1. Анда санда шаңшып коюп, асманда канат какпай жалгыз бүркүт каалгыйт. 2. Капчыгай ылдый эртели кеч шамал болот. 3. Ар дайым так иштегенди, так жүргөндү бардык киши жакшы көрөт. 4. Жайды жайлай, кышты кыштай Мамирбазиндин жумушунда иштедик. 5. Бул сөздөр илгери айтылган, азыр эскирип бүттү.