73. Тексттеги сын атоочтон жасалган аныктоочту суроолор аркы- луу табууга болобу?
ДҮМҮРДҮН СЫРЫ
Биздин короодо бир жоон терек бар эле. Бир күнү аны атам
түбүнөн араалап, кесип таштады. Теректин дүмүрү тегерек орундукка
окшоп калды. Ага мен Кээде отура калып, китеп окуп жүрдүм. Бир
күнү Калык дүмүрдү карап: “Бул терек он беш жыл жашаптыр. Он
Эки жашындагы жылдын ырайы өтө салкын болуптур”,
деди. Мен
андан кантип билгенин сурадым. “Бул дүмүрдүн таарылган бетинде
он беш тегерек шакекче турат. Бир шакекче бир жашты билдирет.
Ал эми жазы шакекчелер болсо, ошол жылдын жаанчыл жана сал-
кын болгонун билдирет”, - деди.