49. Окуп чыгып, бир өңчей мүчөлөрүн тапкыла. кыш
Кыргызстандын кышы суук жана катаал болот. Фергана,
Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүнө караганда Талас, Нарын өрөөндөрүндө кыш суугураак келет.
Баткен, Кочкор, Балыкчы аймактары таштак келип, ал жерлерде кар жатпайт. Ак-Сай, Арпа, Суусамыр, Чоң-Алай жайлоолорунда жана
Чаткал өрөөнүндө кар калың түшүп, суук катуу болот. Ошондуктан, ал жерлерде жашагандар, малчылар, чабандар кыш
камын эртерээк көрүшөт. Азык-түлүктү үч-терт айга жетерлик
даярдап алышып, кыштоолордогу короолорду бекемдеп, тоютту мол камдашат. Кыштоолорго электр тогу тартылып, көмүр,
газ да жеткирилет.
Сууктан, ит-куштан сактап, малчылар малды жакшы асырашат.
Кыргызстандын кышы ноябрь, декабрь, январь, февраль,
март айларын камтып, узакка созулат.

newsergy81 newsergy81    3   08.12.2020 09:33    15

Другие вопросы по теме Другие предметы