43. Текстти окуп, которгула. Кызматчы сөздөрдү кочүрүп жазгыла, аларды маанисине карай бөлүп, түшүндүргүло.
КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ
Чоң атам кой союп, Кудайга курмандык чалууга даярдык
көрүүдө, себеби бүгүн Курман айт.
Курман айт мусулмандардын диний майрамы. Айт кү-
нүнө карата бардык үйлөрдө боорсок бышырылат жана дас-
торкон жайылат. «Айт» арабча «майрам» дегенди түшүндүрөт.
Орозо айт бүткөндөн 70 күндөн кийин Курман айт башталат.
Курман айт күнү Алла-таалага гана багышталып мал союлат.
Адамдар мечитке барып, намазга жыгылышат. Алар соопчу-
лук үчүн садага беришет. Курман айт төрт күнгө чейин созу-
лат да, адамдар бири-бириникине барып айтташат. ета