4. Текстти окуп, айрым сөздөрдү ат атоочко айландыргыла. ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛГАНДА
Индияда окуу жылы июнь айында башталат. Бул күнү мугалим-
дер окуучуларга эң кызыктуу элдик легендалардан айтып беришет.
Ата-энелер мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттукташат.
Мугалимдердин моюндарына гүл гирляндаларын илишет.
Японияда апрель айында, алчалар гүлдөгөндө окуу башталат.
Мектепке окуучулар эшик алдына бут кийимдерин чечип
киришет. Ал эми Кытайда окуучулар окууга кыпкызыл
бажырайган гүлдестелерди алып келишет. Окуу дене тарбия
сабагынан башталат. Германияда болсо бул күнү балдар түркүн
таттуу салынган баштыкчаларды белекке алып, абдан кубанышат.
Финляндияда окуучулар жыл аягына чейин мектеп эмеректерин
булгабай, сындырбай таза сактоого сөз беришет. Эгерде ант
аткарылбаса, айып төлөнөт.
? 1. Окуу жылы Индияда качан башталат?
2. Мугалимдер окуучуларга эмнелерди айтып беришет?
3. Ата-энелер мугалимдерди кантип куттукташат?
4. Окуу кайсы өлкөдө алча гүлдөгөндө башталат экен?
5. Германияда балдар белекке эмне алышат?
6. Финляндияда окуучулар кандай ант беришет?