286.
тапкыла.
Текстти окуп, сүйлөмдөрдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн
КУРМАНЖАН ДАТКА
Курманжан датка 1811-жылы Ош
шаарына жакын Мады айылында туулган.
1832-жылы ал Алайды башкарып турган
Алымбек даткага турмушка чыккан.
Алымбек датка бардык кыргыздарды
бириктирүүнү каалаган. Ал чечкиндүүлүк
менен өз максатына жеткен. Бирок ал
1862-жылы козголоңчулар тарабынан
өлтүрүлгөн. Эркиндикти сүйгөн кыргыз-
дарды Курманжан өз колуна алат.
Ал кыргыз элин акыл-эстүүлүк менен
башкарып турган. Ага датка деген наам
берилген. Курманжан датка орустар ме-
нен кыргыздардын ортосунда тынчтык
келишимин бекем сактап турган. Анын кыраакылыгы менен
далай жерде кан төгүлбөй калган. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн
жүрүшүндө орус генералы М. Скобелев даткага чоң урмат-сый
көрсөткөн. Курманжан датканын кыраакылыгына жараша ага «Алай
ханышасы» деп баа берген.
Алымбек датка менен Курманжан датканын уулдары Аб.
дылдабек, Баатырбек, Асанбек, Маматбек, Камчыбек Кокон
хандыгына каршы күрөшкөн. Эң сүйүктүү уулу Камчыбек дарга
асылган. Уулу Маматбек жана эки небереси Арсланбек менен
Мирзапаяс Сибирге айдалган.
Курманжан датка 1907-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын легендар-
луу аты биздин күнгө чейин белгилүү болду. «Алай ханышасынын
неберелери Кадырбек Камчыбеков жана Жамшыбек Карабеков совет
доорунун даңк орденинин кавалери болушкан. Ал эми чөбөрөсү Адышев
Муса Мирзапаясович — окумуштуу-геолог, Кыргыз Республикасынын
Улуттук илимдер Академиясынын президенти болгон.​

Vika14Veronika Vika14Veronika    2   16.05.2020 13:41    20

Другие вопросы по теме Другие предметы