282-көнүгүү. Берилген сүйлөмдөрдүн баш жана айкындооч мүчөлөрүн аныктагыла.Жалаң жана жайылма сүйлөмдөрдү эрежеге ылайык салыштыргыла. 1.Таң атты. Эч жерде булут жок. Асман ачык. 2.Ысык-Көл мелтиреп турат. Күн ысык. Балдар чабак уруп жарышат. 3.Жаз келди. Жазгы жумуштар башталды. Адамдар талаада иштеп жатышат.Жумуш күчөдү. 4.Айлана жымжырт. Жамгыр төгө баштады.Суу болдук. Мен үшүдүм. Аңгыча үйгө да жетип калдык.