28. Силер кызыккан спорт жөнүндө кыскача аңгеме жазгыла.​

bogdankavolev9 bogdankavolev9    3   10.02.2021 11:38    4

Ответы
anisimowaanastowf62v anisimowaanastowf62v  12.03.2021 11:39

мен жакшы көргөн спорт бул - волейбол. Волейбол дагы спорттун бир түрү. Ал эми бул спорт тууралуу айта кетсек , влейбол — топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну. Аны менен машыгуу тез жана так реакция жасоону, шамдагайлыкты, көз менен болжолдоону өөрчүтөт, кыймыл координацияларын жакшыртат. Оюнда дененин жалпы өөрчүшүнө, келбетти жакшыртууга түрткү берүүчү ар кандай кыймылдар көп жасалат. Спорттук валейбол менен машыгууну балдар 9 жашынан баштаса болот, мелдештерге катышууга 11—12 жаштан уруксат берилет. Волейбол менен машыгууда колдун манжаларынын травмасы, урунуу, байламталардын чоюлушу жана башка болушу мүмкүн. Травмалардын алдын алууда туура ойноо техникасына ээ болуу, оюн аянты текши жана спорттук бут кийимдин ыңгайлуу болушу чоң мааниге ээ. Волейбол ойноо анча татаал эмес, аны залда жана ачык абада ойноого болот. Ошондуктан ал активдүү эс алуунун жана ден соолукту чыңдоонун мыкты каражаты болуп эсептелет. Аны ден соолугунда олуттуу өзгөрүүлөр болбогон ар кандай курактагы адамдар ойной алышат. Улгайган адамдар волейбол менен такай машыгуудан мурда врач менен кеңешүүсү зарыл.

ПОКАЗАТЬ ОТВЕТЫ
Другие вопросы по теме Другие предметы