233-көнүгүү. Текстти окуп, баяндагыч ыңгайды тапкыла. Данияр унчукпай келе берди. Алды жакта капчыгайдын чыга бериши агарып, өрөөндөн келген жел бетке сокту. Жана баштаган обонду дагы улантса экен деп, чыдамсыздык менен күттүм. Бир аз өтө түшүп, ал кайра ырдаганда, мен чындап эле сүйүнүп кеттим. Адегенде Данияр мурункудай эле үнү кысталып, батына бербей акырын баштады. Бирок бара-бара үнү улам ичтен күч алып, арышын кең таштап, чабыты толгондо, капчыгай ичи баштан аяк жаңырып, алыскы аскалар Даниярдын обонун экиүч кайтара улантып жатты. Анын үнү дагы чыйралып күчөй берди. 2Ошондо созолонгон үнү гана эмес, Даниярдын обонунда болгон жалын менен чексиз мээрим адамды таң калтырып, жакасын карматты. Ушунун өзү эмне экенин, аны эмне деп айтарымды билбедим: ырчынын көмөкөйүнөн чыккан үн элеби же болбосо андан башка, жүрөктүн өзүнөн оргуп төгүлгөн дагы бир нерсе барбы? Ал өзү эмне, ал эмне адамдын жанын эритип, ой-кыялын ойготкон? - азыр да айта албайм. Атаганат, колдон келсе, кагазга жазып отурбай, бул укмуш-

туу обондун өзүн салып берсем кана с заданием​

Маркизетта Маркизетта    1   15.03.2021 18:26    7

Другие вопросы по теме Другие предметы