229. 1. Текстти окуп, сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн тапкыла. ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ Жер жүзүндө 5 миллиарддан ашуун адам жашайт. Алар ар түркүн элдерге бөлүнүшөт. Калкынын саны 100 миллиондон ашкан элдер да бар. Мисалы, ага кытай, орус, япон, бенгалдар кирет. Немец, француз, итальяндар ондогон миллионду түзөт. Өтө аз сандагы элдер да бар. Болжолу, алардын эң эле азы - Филип пиндеги тасадай уруусу. Алар бар болгону 30дай эле киши, тоо үңкүрлөрүнде жашап, аңчылык кылышат. Ошондой эле жапайы өсүмдүктөрдү терип жешет. Дүйнө жүзүндө көп жана аз калктуу 2 миндей эл жашайт. Алардын тилдери ар башка, урп-адаттары да ар түрдүү. Алар бири-биринен сырткы көрүнүшү боюнча да айырмаланышат. Элдердин көпчүлүгү өз эне тилинде сүйлөшөт. Бардык элдер би ригип адамзатты түзөт. Адамдар тынчтыкты каалашат. Алар бакубат турмушта жашоого умтулушат, келечек муун үчүн кам көрүшөт. Мектеп окуучулары учун энциклопедиядан ДАДУ 40БОЛОВ