229. 1. Текстти окуп, сүйлөмдөрдүн баш мүчөлөрүн тапкыла. ДҮЙНӨ ЭЛДЕРИ
Жер жүзүндө 5 миллиарддан ашуун адам жашайт. Алар ар
түркүн элдерге бөлүнүшөт. Калкынын саны 100 миллиондон
ашкан элдер да бар. Мисалы, ага кытай, орус, япон, бенгалдар
кирет. Немец, француз, итальяндар ондогон миллионду түзөт.
Өтө аз сандагы элдер да бар. Болжолу, алардын эң эле азы
Филиппиндеги тасадай уруусу. Алар бар болгону 30дай эле
киши, тоо үңкүрлөрүндө жашап, аңчылык кылышат. Ошондой
эле жапайы өсүмдүктөрдү терип жешет.
Дүйнө жүзүндө көп жана аз калктуу 2 миңдей эл жашайт.
Алардын тилдери ар башка, үрп-адаттары да ар түрдүү. Алар бири-
биринен сырткы көрүнүшү боюнча да айырмаланышат.
Элдердин көпчүлүгү өз эне тилинде сүйлөшөт. Бардык элдер
биригип адамзатты түзөт. Адамдар тынчтыкты каалашат. Алар бакубат
турмушта жашоого умтулушат, келечек муун үчүн кам көрүшөт.
Мектеп окуучулары үчүн энциклопедиядан​

дрин2 дрин2    1   08.03.2021 16:09    39

Другие вопросы по теме Другие предметы