№1. Үнсүз тыбыштар артка карай өзгөрүп айтылганда … жазылат.
А) кандай айтылса ошондой
Б) өзгөртүлүп
В) айтылышындай да
Г) уңгу түрүндөгүдөй өзгөрүлбөй
№2. Үнсүздөр арткы тыбышка карай өзгөрүп
айтылган сөздү белгилеңиз.
А) башкага Б) нанга
В) алманы Г) артты
№3. Үнсүздөрдүн алга карай өзгөрүп
айтылышына дуушар болгон сөздөрдү
белгилеңиз.
А) аттын Б) үйгө
В) атанын Г) карыяны
№4. Сөз ичиндеги үндүү жана жумшак үнсүз
тыбыштардын таасири менен жумшарып
айтылган каткалаң үнсүздөр катышкан
сөздөрдү белгилеңиз.
А) ак улак, анекдот, вокзал
Б) топ ойно, кара кер, кыл курт
В) самын, айнек, көз айнек
Г) агулак, анегдот, вогзал, кылгурт
№5. Үндөштүк закону бузулган сөздү белгилеңиз.
А) тоолордо Б) китептер
В) республика Г) мугалим
№6. Толук үндөшүүнүн мисалдарын белгилеңиз.
А) элик, булак, кулак Б) мугалим, билек, күрөк
В) белек, токой, көгөн Г) бирөө, экөө, буламык
№7. Лексикалык маанини билдирбеген сөздү
белгилеңиз.
А) үйБ) сайын В) барат Г) окуучу
№8. Морфологиялык талдоо жүргүзүлгөн сөздү
белгилеңиз.
А) кырк – сан атооч, жөнөкөй, эсептик сан атооч,
атооч жөндөмөдө
Б) кырк – 4 тамга, 4 тыбыш
В) кырк – кыргыздын жашоосунда чоң мааниге ээ
сан
Г) кырк – койдун жүнүн кыркуу
№9. Этиштин татаал формалары … жасалат.
А) этиштердин айкашуусу аркылуу, этиш менен
атоочтордун айкашуусу, этиш+экен, эле,
бейм аркылуу
Б) ыңгай жана мамиле этиштер аркылуу
В) жөнөкөй этиштер аркылуу
Г) өткөн чак этиш
№10. Жакында эле убакыт талабына шайкеш
келген жаңы салык кодексин кабыл алдык.
Этиш сөздөрдүн түзүлүшүн белгилеңиз.
А) жөнөкөй Б) тубаса
В) жай Г) татаал
№11. Этиш сөздүн түзүлүшүн белгилеңиз: Улуу
кишини сыйлагандан бой кичирбейт.
А) татаал Б) тубаса
В) жөнөкөй Г) жардамчы
№12. Өзөндүн баш аягына агылып, эл келе
баштады.
Негизги этишти белгилеңиз.
А) агылып Б) баштады
В) өзөндүн Г) келе
№13. Кайрадан эл тынчый түштү. Жардамчы
этишти белгилеңиз.
А) кайрадан Б) тынчый
В) түштү Г) эл
№14. Бөтөн сөз … түрүндө берилет.
А) тике сөз, төл сөз Б) тике сөз, автордун сөзү
В) тике сөз, кыйыр сөз Г) кыйыр сөз
№15. Элде мындай сөз бар: «Асыл–таштан,
акыл–жаштан». Сүйлөмдүн мүнөзүн
белгилеңиз.
А) төл сөз Б) бөтөн сөз
В) тике сөз Г) кыйыр сөз